• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды онлайн форматында да кабыл алат

Коом 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды онлайн форматында да кабыл алат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде алгачкылардан болуп Чүй облусунун тургундарын саат 10:00дөн 17:00гө чейин онлайн кабыл алат.

Кошумча маалымат алуу үчүн 0312-66-32-80, 0312-62-15-90, 0312-62-15-95 жана 0500-88-83-83 (WhatsApp) номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Акыйкатчы институтунан кошумчалашкандай, Атыр Абдрахматова ар айдын акыркы жумасынын жума күнүндө жарандарды онлайн кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий