• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

“Ливерпуль” командасы “Вильярреалды” 2:0 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалынын алгачкы оюнунда англиялык “Ливерпуль” командасы испаниялык “Вильярреалды” менен оюн өткөрдү.

Беттеште “Ливерпуль” эки гол киргизип, утуп алды. Голду Первис Эступиньян менен Садио Мане киргизди.

Эки команданын жооптук беттеши 5-майда Бишкек убактысы менен саат 01:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын жарым финалына “Манчестер Сити”, “Реал”, “Ливерпуль” жана “Вильярреал” командалары чыккан.

Пикир

Оставить комментарий