• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

ЖККУ ПА катчылыгы менен Кыргызстандын илимий жана билим берүү мекемелери кызматташат

Коом 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) катчылыгы менен Кыргызстандын илимий жана билим берүү мекемелери ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, макулдашууга Жогорку Кеңеште ЖККУ ПА кеңешине караштуу ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин (комиссияларынын) төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин алкагында жетишилди.

Документке Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, ошондой эле Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети кол койду.

Жогорку Кеңештин ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев белгилегендей, макулдашуулар илимий-изилдөө, укуктук, гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүгө жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Андан соң Координациялык кеңешменин катышуучулары Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примовдун коштоосунда Жогорку Кеңештин жыйындар залына жана музейине барып, парламенттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий