• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте Борбор Азиянын өнүгүүсүнө коркунучтар жана чакырыктар боюнча конференция өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. / Кабар/. Бишкекте Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЖККУ ПА) алкагында жаш окумуштуулардын жана студенттердин биргелешкен “Улуттук коопсуздуктан глобалдык коопсуздукка: Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүшүнө чакырыктарды жана коркунучтарды көп факторлуу талдоо” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өз ишин баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ММК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Иш - чарада Жогорку Кеңештин атынан КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясындагы Жогоку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө эл аралык иш-чаралардын, анын ичинде БУУ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана БРИКС аянтчаларында геосаясаттын деструктивдүү факторлоруна биргелешип каршы туруу, коопсуздукту камсыз кылуу, коомдун экстремисттик идеялардын таасирине туруктуулугун камсыздоо маселелери көтөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

"Азыркы биргелешкен конференция эл аралык жана улуттук коопсуздуктун чакырыктарын жана коркунучтарын биргелешип талдоо, ошондой эле көйгөйлөрдү жөнгө салуунун жаңы чараларын издөө үчүн Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынан гана эмес, Беларусия, Россия жана Борбордук Азиянын бир катар коңшу мамлекеттеринин 150гө жакын жаш окумуштууларынын жана алардын устаттарынын аракеттерин бириктирди", - деп белгилеген Шабданбек Алишев 2025-жылы ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөрүн кошумчалады.

Ал ошондой эле буга чейин ЖККУнун кезектеги сессиясында президент Садыр Жапаров тарабынан улуттук артыкчылыктар сунушталып, ЖККУнун Парламенттик Ассамблея кеңешинин 9-декабрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиевдин катышуусунда талкуулангандыгын эске салды.

"Терроризмге жана экстремизмдин, коррупциянын жана трансчекаралык кылмыштуулуктун башка көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү, маалыматтык коопсуздук, диверсиялык идеологиянын таасири менен күрөшүү маселелери белгиленди. Бул багыттардын баары ЖККУ органдары жана аталган уюмдун парламенттер аралык ченеми үчүн гана эмес, пикир алмашуунун жүрүшүндө конференциянын катышуучулары үчүн да багыт болуп саналат. Ошентип, аталган конференция Кыргызстандын ЖККУ форматындагы артыкчылыктарын ишке ашыруунун алкагындагы биринчи илимий-практикалык жана эксперттик иш - чара болуп калат", - деди Шабданбек Алишев.

Конференция 11-декабрдан 14-декабрга чейин Кыргызстандын бир катар ЖОЖдорунун базасында өтө тургандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий