Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, мыйзам долбоору менен азыркы учурда мамлекеттик ыйгарым укуктарга кирген, жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон, тиешелүү аймакта жылуулукту уюштуруу жана камсыз кылуу маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына киргизүү караштырылат.

Талкуу маалында депутаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жылуулук менен камсыздоону уюштуруу маселелерине токтолуп, муну менен катар административдик-аймактык реформанын алкагында бир катар суроолорду узатышты. Алсак, депутаттар Бекмурза Эргешов жана Дастан Бекешев жылуулук жана электр энергиясына тарифтерди бекитүү тууралуу сөз кылышып, бул багытта да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү ыйгарым укуктарды берүүнү сунушташты.

Ошондой эле жыйында "КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев.

Мыйзам долбооруна ылайык Ардак грамота жоголгон учурда анын дубликатын берүү каралбайт. Анын ордуна Ардак грамотасын жоготкон адам сыйлык берүү буйругунан көчүрмө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, бул анын сыйланган статусун тастыктайт. Ошентип, бул мыйзам долбоору Ардак грамотанын дубликаттарын даярдоо зарылдыгын жоюунун жана сыйлоону тастыктоонун жаңы формасын киргизүүнүн эсебинен каражаттарды пайдаланууну оптималдаштырууга багытталган.

Муну менен катар депутат Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген "КР Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Андан тышкары, жыйында "КР судьяларынын статусу жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Шайырбек Ташиев, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов.

Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин бекемдөө, мамлекеттик тилди сактоо, пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын бардык категориядагы жарандары үчүн сот адилеттигине бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарына карама-каршылыктарды жана кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыккан. Баяндамачы судьялыкка талапкерлердин жакын туугандарынын оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулугу жок болушу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий