Жогорку Кеңеш Зулушевди башкы прокурорлук кызматтан бошотууга макулдугун берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын башкы прокурорун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотууга президенттин сунуштамасын колдоп беришти.

Пикир

Оставить комментарий