• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. БШКнын 25-апрелдеги жыйынында №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Боршайкомдун маалыматына караганда, эл өкүлүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими анын келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынды.

Мындан улам Сарбагышевдин күбөлүгү жараксыз деп таанылды.


Маалымат иретинде: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча тийиштүү шайлоо округдарына кеткендердин ордуна Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий