• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте милиция адашып кеткен кичинекей баланы атасына өткөрүп берди

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери адашып кеткен кичинекей баланы атасына өткөрүп берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-мартта милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жүрүп, болжол менен саат 18:40 Шопоков көчөсүндө кичинекей бала ыйлап жаткандыгын көрүшкөн. Кайгуул кызматкерлери жаш баланын аты-жөнүн аныктоо учурунда, атасы баласын убактылуу авто унаага калтырып, өзү “Айчүрөк” (ЦУМ) соода борборуна кирип кеткендиктен, жаш бала унаадан чыгып адашып кеткендиги аныкталган.

“Бул көрүнүш боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, атасын таап берүүгө аракет кылып, “Айчүрөк” соода борборундагы “радиотүйүнүнөн” айттырып, атасын чыкыртышкан. Атасы келип, ал да баласын издеп жүргөндүгүн айтып, милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий