• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жогорку Кеңештин депутаттары япониялык ишкерлер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин депутаты, Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров жапониялык ишкерлер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга депутаттар Бакытбек Марипов, Эрнис Айдаралиев жана Айжигит Тыналиев да катышты.

Тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү тууралуу ой бөлүштү.

Талайбек Масабиров эки өлкөнүн парламенттер аралык, анын ичинен депутаттык достук топтордун деңгээлинде өз ара кызматташуу жакшы жыйынтык берип жатканын баса белгиледи.

“Япониянын билим берүү тармагындагы жетишкендиктерин жогору баалайбыз. Андыктан биз билим берүү жана илим-изилдөө жаатында кызматташууга ар дайым кызыкдарбыз. Андан тышкары миграция органдары менен да алакаларыбызды өнүктүрөбүз деген терең ишеничтебиз”,-деди Талайбек Масабиров.

Өз кезегинде Япониянын парламентинин өкүлдөр палатасынын мурдагы депутаты, учурда Tarutoko Research Institute LTD компаниясынын директору Тарукото Синдзи кыргыз тараптын жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүдө кырызстандыктарды аталган өлкөдө иш менен камсыз кылуу жана алардын айлык маянасы тууралуу сунуш-пикирлер айтылды. Маалым болгондой учурда Япония өлкөсүндө чет өлкөлүк жумушчуларга 13 жылга чейин виза берүү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий