Жогорку Кеңештин төрагасы Азербайжандын Милли Межлисинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев төрайым Сагиба Гафарованын коштоосунда Азербайжандын Милли Межлисинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач төрагага жыйындар өтчү залдарды көрсөтүп чыккан Милли Межлистин төрайымы Сагиба Гафарова өзү жетектеген мыйзам чыгаруу органын иши тууралуу маалымат берди.

Андан соң Нурланбек Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырып, анда расмий сапарынын башкы максаты эки өлкөнүн алакасын арттыруу экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий