• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Жогорку Кеңештин төрагасы курулуш тармагына киргизилип жаткан 12%дык кошумча нарк салыгына каршы чыкты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев курулуш тармагына киргизилип жаткан 12%дык кошумча нарк салыгына каршы чыгып, өлкө башчысы да ушундай пикирде экендигин билдирди.

Тагыраагы, министрлер кабинети тарабынан “Кыргызстандын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору сунушталып, бүгүн парламентте биринчи окууга каралды. Аталган маселе боюнча экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев баяндама жасады.

Жыйындын алдында президент менен сүйлөшүп, аталган маселени талкуулаганын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилери өлкө башчысына бул мыйзам долбоору боюнча туура маалымат жеткирбепсиздер. Президент угуп алып, абдан кабатырланды. Бул нерсе болбош керек болчу. Мен да курулуш тармагына кошумча нарк салыгынын киргизилишине каршымын. Биз ипотекалык программаларды жыргаганыбыздан ишке ашырып жаткан жокпуз. Жашоо-шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген, үйгө муктаж жарандарыбызды турак-жай менен камсыздай албай жатып, кайра курулуш тармагына салыкты көбөйткөнүбүз туура эмес. Эгер жаңы салык киргизилсе, үйлөрдүн баасы дагы жогорулап, калкка бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Демилгечилер бир пикирде болуп, такташып келсеңер болмок”, – деди.

Андыктан демилгеленген мыйзамдан 12%дык кошумча салыкка байланышкан беренени толугу менен алып салууну талап кылган төрага: “Биринчи окууда концепциясын колдойбуз, бирок экинчи окууда долбоорду толугу менен өзгөртүшүбүз керек”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий