• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жогорку Кеңеш КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлдөрү "Улуттук телерадиокорпорациясы тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоп беришти.

КТРКнын макамын "улуттукка" өзгөртүүгө жалпы 83 депутаттын 77си макул болсо, алтоо каршылыгын көрсөттү.

Эскерте кетсек, аталган мыйзамды министрлер кабинети демилгелеп, анда КТРКны Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өзгөртүү, облустук телеканалдарды бириктирүү жана Байкоочу кеңешти жоюу сыяктуу өзгөртүүлөр каралган.

Пикир

Оставить комментарий