Жогорку Кеңештин төрагасы ЖККУ ПАнын жыйынына катышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.06.24./Кабар/. Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Алматы шаарына учуп кетти.

Парламенттен билдиришкендей, жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий