• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Жогорку Сот Бонецкий лабораториясынан 423 млн сом өндүрүү чечимин мыйзамдуу деп тааныды

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Жогорку Сот Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өзгөчө кырдаал учурунда атаандаштык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн «Интелмед» ЖЧКсынын Бонецкийдин лабораториясынан 423 миллион сом өндүрүү чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Covid -19 пандемиясы учурунда Лабораториялык диагностикалык рынокту талдоо кызматы тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, ПЧР тест жүргүзүүдө «Интелмед» ЖЧКсы абалынан үстөмдүк менен пайдаланып, кызмат көрсөтүүгө монополиялык жогорку бааны койгон.

Буга байланыштуу кызмат КР «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамынын нормаларын бузгандыгы үчүн «Интелмед» ЖЧКсынан республикалык бюджетке 423 млн сом өндүрүү боюнча токтом чыгарган.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 24-майында Бишкек шаарынын административдик соту «Интелмед» ЖЧКсынын административдик доо-арызын жарым-жартылай канааттандырган.

Ал эми, ушул эле жылдын 1-августунда Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек административдик сотунун 2024-жылдын 24-майындагы чечимин толугу менен жокко чыгарып, жаңы чечим чыгарган. «Интелмед» ЖЧКсынын административдик доо арызы канааттандыруусуз калтырылган.

Белгиленгендей, ушул жылдын 28-ноябрында Кыргызстандын Жогорку соту апелляциялык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий