Бишкек, 16.12.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КР кодексине, “Жол фонду жөнүндө” КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпы жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат.
Мыйзам менен КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар каралат. Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензин жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъекттер саналат.
Бул жыйымдар түздөн-түз КР Жол фондуна түшөт жана автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого гана пайдаланылат.
Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Пикир
Оставить комментарий