• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жол оңдоо. Бүгүн Бишкектин Юнусалиев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 14-августта Юнусалиев көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды.

Буга байланыштуу № 6, 175, 212 жана 215 муниципалдык автобустардын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Бишкек мэриясы жарандарга тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Кыймыл схемаларын шилтемеден тапса болот.

Пикир

Оставить комментарий