• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

"Альянс Алтын" Республикалык спорт колледжине окуу китептерин алып берди

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Бишкектеги Республикалык спорт колледжине "Альянс Алтын" компаниясынын каржылык жардамынын алкагында 1 миң 757 даана окуу китептери берилди. Эми спорттук колледждин 395 окуучусу окуу программасы боюнча толук кандуу окуй алышат.

Аталган окуу жайдын директору Айбек Ташматовдун айтымында, мекемеде ондогон жылдардан бери китеп фонду жаңыланган эмес.

"Бул көйгөйдү чечүүгө бизге "Альянс Алтын" жардам берди. Мен компаниянын жетекчилигине кайрылып, алар бизге жардамга келип, бул маселени четте калтырышкан жок", - деди ал.

Окуу жайга китептерди “Альянс Алтын” компаниясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Касиет Карачолокова колледждин бүтүрүүчүлөрү, чемпиондор менен биргеликте тапшырды.

“Биздин компания билим берүүгө, жаштарга, спортчуларга дайыма ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Жакын арада эле өлкөбүздүн күрөш боюнча курама командасынын 10 мүчөсүнө жабдыктар жагынан колдоо көрсөткөнбүз. Бул ирээт чемпиондор менен биргеликте Бишкек шаарындагы республикалык спорт колледжине 1757 даана окуу китептерин тапшырып бердик”, - деди Касиет Карачолокова.

Китеп ташыруу салтанаттуу иш-чарасына катышып жаткан колледждин алдыңкы бүтүрүүчүлөрү, окуучуларды китепке аяр мамиле жасоого, спортто да, жогорку билим алууда да ийгиликке жетүүгө үндөп, бул келечектеги өсүп-өнүгүү үчүн бекем база болорун баса белгилешти.

Колледждин мугалимдери жана администрациясы "Альянс Алтын" компаниясына ыраазычылык билдирип, окуу материалдарын жаңыртууда колдоо көрсөтүү зарыл болгонун, анткени колледждин көптөгөн маселелерин өз алдынча чечүү керектигин баса белгилешти.

"Биз спорттун гана эмес, билимдин бардык тармактарында сапаттуу билим берүүгө умтулабыз. Мыкты натыйжаларга жетүү үчүн, биз студенттерибизди бардык керектүү ресурстар менен камсыз кылышыбыз керек. Бүгүнкү күндө окуу китептериндеги курч көйгөй жоюлду жана биз окуу жылынын аягына чейин олуттуу жылыштарды көрөбүз деп ишенебиз", - деди колледждин башчысы Айбек Ташматов.

Пикир

Оставить комментарий