Жол оңдоо. Эртең Бишкекте бир катар көчөлөрдүн кесилиши жабылат

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бишкекте бир катар көчөлөрдүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 29-июндан тарта Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев көчөсү менен кесилиши жабылат.

Ошондой эле Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши дагы оңдоо иштери үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий