• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ысык-Көлдөгү пансионатта бактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Мамлекеттик экотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча инспекторлору бактардын мыйзамсыз кыйылышы боюнча фактыны аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кара-Ой айылындагы “Сосновая роща” пансионатында комиссиялык текшерүү учурунда Мамэкотехинспекциянын инспекторлору Ысык-Көл РИИБнин ыкчам тобу менен биргеликте 18 мажүрүм тал жана теректин мыйзамсыз кыйылганын аныкташкан. Ошондой эле эс алуучу жайдын кызматкерлери уруксат кагазы жок септик үчүн чуңкур казышканы белгилүү болгон.

Мамэкотехинспекциянын кыхматкерлери ошол жерден жазалоо чараларын көрүү үчүн тиешелүү актыларды жана протоколдорду түзүшкөн. Буга чейин экологиялык жана техникалык талаптарга жооп бербегени үчүн аталган пансионаттын ишмердүүлүгү инспекторлор тарабынан токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий