• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Тазалыкка" гана төлөгүлө! — Бишкектин Октябрь районунун акими

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунун тургундары таштанды чыгаруу кызматын “Тазалык” ишканасынын эсеп-дүмүрчөсү боюнча гана төлөшү керек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында аким Жаныбек Орозалиев билдирди.

""Тазалык" муниципалдык ишканасына гана төлөш керек. "БишкекВторРесурус" (БВР) менен калган маселелер соттук териштирүүдө чечилет. Башында Октябрь районунун жашоочуларында эсеп-дүмүрчөк боюнча суроолор жаралышы мүмкүн. Биз алардын баарына жооп берүүгө даярбыз", - деп баса белгиледи Орозалиев.

"Тазалык" ишканасынын директору Рамиз Алиевдин айтымында, буга чейин эки дүмүрчөктүн окуясын болтурбоо максатында "БВР" жеке ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргөн: Октябрь районунун жашоочуларына "Тазалыктын" атынан бир квитанция жөнөтүү сунушталган, ал эми "БВР" июнда абоненттерден төлөмдү алган соң, алар иштеген 13 күн үчүн акчасын төлөп берүү жагы каралган. Бирок компания таш тартты.

Ошондой эле Алиев түшүндүргөндөй, шаардын аталган бөлүгүндө жашаган дээрлик 5 миң тургунга чоң суммадагы квитанциялар келген. Алардын жалпы карызы 12 млн сомду түзөт. Карызкорлор үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери милдеттенмелери боюнча эскертүү алышкан эмес. Дал ушул убакыттан тарта аларды "БВР" компаниясы тейлей баштаган. Аталган компания карыздарды чогултуудан баш тартып, эсепти баштапкы абалга келтирип, иштей баштаган. Ал эми 14-июндан тарта шаардын бул бөлүгүнө “Тазалыктын” кайра келиши менен кароосуз калган карыздар июнь айынын жаңы дүмүрчөгүндө тиркелген.

Пикир

Оставить комментарий