• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Жол оңдоо: Эртеңден тарта Абдрахманов, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн айрым тилкелери жабылат

Коом 0

Бишкек, 06.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Жусуп Абдрахманов-Байтик баатыр, Иса Ахунбаев жана Жибек-Жолу көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 7-июлдан тарта Жибек-Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ал эми Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсү жана Чүй проспектисинин ортосундагы бөлүгү жабылат.

Пикир

Оставить комментарий