• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстандын Фармассоциациясы фармжумушчуларды сындоодон карманууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Фармассоциациясы фармжумушчуларды сындоодон карманууга чакырат.

Фармассоциация билдиргендей, фармкомпаниялар менен дарыканалар жарандарды керектүү дары-дармектер менен камсыздоо боюнча бардык күч-аракетин жумшоодо.

"Провизорлор күнү-түнү иштеп, медиктердей эле ар дайым тобокелчилик зонасында турат. Ага карабастан, алар өзүнүн милдеттерин так аткарууда. Ошондуктан дарыканалар менен фармкомпаниялардын ишмердүүлүгү боюнча айтылган ар кандай айың кептер учурдагы абалды дагы да курчутуп жатат. Буга байланыштуу баарыңыздарды фармжумушчуларды кодулап, сындаганды токтотууга чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий