Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 12-сентябрда Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жаап, 13-сентябрда ачуу пландалууда.
Ал эми 13-сентябрда Юнусалиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши жабылып, 14-сентябрдан тарта ачылат.
Белгилей кетсек, 14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.
Пикир
Оставить комментарий