• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Жол оңдоо. Жибек жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилиши жабылат

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 13-сентябрда саат 23:00дө Жибек жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишин жабуу пландалууда. Аталган көчөлөрдүн кесилиши 16-сентябрда саат 08:00дө ачылат.

Белгилей кетсек, Жибек жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин оңдолот.

Пикир

Оставить комментарий