• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте «Башталгыч фермер» эл аралык бизнес сынагынын улуттук этабы өттү

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар борборунда Бириккен Жаштар Уюму тарабынан уюштурулуп жаткан «Башталгыч фермер» эл аралык бизнес сынагынын улуттук этабы болуп өттү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Бизнес сынак 2020-жылы биринчи ирээт эл аралык деңгээлде уюштурулуп жатат. Кыргызстандын дагы жаштары четте калбастан 10 команда катышты. Алардын ичинен төмөнкү эң мыкты 3 команда улуттук этаптын жеңүүчүсү аталышты.

  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин студенти Жакшылык Бекназаров жетектеген “Нарын-Эт” команадасы;
  • К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Байбосунов Азизбек жетектеген “Аграриус” командасы (вируссуз картошка өндүрүү);
  • К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Акималиева Жыпар жетектеген команда (тамак-аш калдыктарын жок кылуу).

Аталган командалар аралыкта өтө турган эл аралык этапка (жарым финалга) катышат.

Маалымат үчүн:

Сынак Жогорку окуу жайларда ишкердик, экономика, менеджмент, айыл-чарба тармагын башкаруу, маалыматтарды топтоо, анализдөө жана ошондой эле бизнес пландоо тармагында окуган студенттерди, жаштарды кызыктыруу жана шыктандыруу, командалык топтордоо иштөө тажрыйбасын арттыруу максатында уюштурулду. Сынак үч этапта өткөрүлөт: улуттук, эл аралык (жарым финал), (финал).

Катышуучу өлкөлөр: Армения, Беларусия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия.

Жаштар, студенттер бул сынакка катышуу менен көптөгөн тажрыйба топтоого, эл аралык тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүккө ээ болушат жана жаңы бизнес өнөктөштөрдү, досторду табууга пайдалуу аянтча болот.

Эл аралык финалга катышууга жолдомо алган тайпалардын катышууга керектүү каражатын (авиабилет, жатакана, тамак-аш) уюштуруучулар толук түрдө камсыздайт. Финалдык этап Россия Федерациясынын Москва шаарында уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий