• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы: майрам күндөрү коммуналдык кызматтар штаттык режимде иштейт

Коом 0

Бишкек, 07.11.18. /Кабар/. Коммуналдык кызматтар майрам күндөрү штаттык режимде иштейт, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы. Жылуулук жана ысык сууга байланыштуу маселелерди ыкчам түрдө чечүү максатында “Бишкекжылуулукборбору” ААКда керектөөчүлөрдү колдоо борбору калаа тургундарына кызмат көрсөтөт.

Борбордун кызматкерлери таңкы саат 7:30дан саат 19:00гө чейин калаа тургундарынын чалууларын кабыл алышат.

Бишкек шаардык мэриясы жылуу сууга байланыштуу маселелер боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт.

- (0312) 61-11-69 – керектөөчүлөрдү колдоо борбору же 1980;

- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун нөөмөттө турган инженерлери;

- 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк районунда нөөмөттө турган инженерлер;

- 56-85-58 – диспетчердик кызмат.

Муздак суу боюнча көйгөйлөр пайда болсо - 56-03-20 (борбордук нөөмөттө турган диспетчердик кызмат) номерине байланышса болот.

WhatsApp тиркемеси аркылуу кайрылуу номерлери

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0555209911;

Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0707 94 08 60.

Бишкек мэриясынын колл-борбору күнү-түнү иштейт: 185 же 1840 күнү-түнү.

Ошондой эле мэрия шаардагы көйгөйлөр тууралуу калаа тургундарынын арыз жана кайрылууларын кабыл алуу үчүн "Бишкек 312" тиркемесин ишке киргизди.

Пикир

Оставить комментарий