Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Өлкө аймагындагы унаа жолдордо жолчулар тарабынан бир катар иштер аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, №20 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан Ача-Кайыңды – Май-Босого унаа жолунун 14-34-чакырым аралыгын автогрейдер менен кырып тегиздөө, жол үстүнө чыгып калган таштарды терүү иштери жүрүүдɵ.
Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 5-33-чакырымында жол бетин кырып-тегиздөө иштери аткарылды.
Ушундай эле жол жумуштары №24 Жол тейлɵɵ ишканасы тейлеген Арал – Миң-Куш унаа жолунун 24-чакырымына чейинки аралыгында да жасалууда.
Пикир
Оставить комментарий