• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жолдор тайгак болуп, кар көчкү түшүүсү ыктымал. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти.

Алсак, 2022-жылдын 1-мартынан 3-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-75-чакырымдарында, 89-101-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөтю. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий