• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Өлкөдө «Жооптуу бол!» бир айлыгынын алкагында 680 миңден ашуун эркек киши текшерүүдөн өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. «Жооптуу бол!» республикалык бир айлыктын алкагында республика боюнча 18 жаштан жогорку курактагы 680 миңден ашуун эркек киши баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына барышты.

Саламаттык министрлигинен билдиришкендей, бир айлык жугуштуу эмес ооруларга алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоого багытталган.

Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет.

Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп колдонуу, жашылча-жемиштерди жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү жугуштуу эмес оорулардын эң кеңири таралган алдын ала турган тобокел факторлору болуп саналат.

Быйылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 680 миңденден ашык эркек кайрылган. Алардын ичинен 149 миң эркек баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 2 жылда биринчи жолу кайрылышкан. 44 миңден ашык эркектер (6%) жүрөк-кан тамыр ооруларына, ал эми дээрлик 33,000ге (5%) кант диабетине чалдыгуу коркунучу жогору болгон.

Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы эркектердин камтылышы республикада жашаган 18 жаштан жогорку эркектердин жалпы санынын 47% түздү. Бул кампаниянын кеңири жайылышын жана натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52,1%ын түзгөн, ал эми рак (12,2%) экинчи орунда туруп, андан кийин өпкө оорулары (5,5%) болуп турган

Акция биринчи жолу 2019-жылы «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Кампаниянын ийгилигин жана таасирин эске алып, 2023-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын февраль айында республика боюнча бир айлыкты өткөрүү буйругун чыгарган.

Маалымат үчүн: Швейцария өкмөтү Кыргызстандын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга 500 миллионго жакын швейцариялык франкты техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам катары көрсөткөн

Пикир

Оставить комментарий