• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Май айында Бишкек – Сочи – Бишкек багыты боюнча аба каттамдары жанданат

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-майынан тарта россиялык "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы Бишкек – Сочи – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунан Сочиге каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү аткарылат.

Бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча "МЭА" ААК авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий