• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жумгалда 10 күндөн бери дайынсыз жоголгон ата-баланын жакындары жардам сурашууда

Коом 0

Бишкек, 26.10.24. /Кабар/. Жумгалда 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланын жакындары президенттен, өкмөттөн жардам сурап кайрылышты.

Алардын айтымдарында, ата-баланы издөөгө кошумча күч, атайын техникалар жетишпей жатат. Мындан улам алар президенттен ӨКМдин кызматкерлеринен кошумча күч, кайык, дрон, суу астында көрүүчү камера, вертолет, иттерди берүүнү суранышты.

“Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич! Сизге кайрылууга аргасыз болуудабыз. Бир үйдөн эки адам кой кайтарып кетип, дайынсыз болуп жатат. Суудан минген атынын өлүгү табылды. Ошондуктан суудан эле издеп жатабыз.

ӨКМдин балдары аз санда, атайын техникасы жок издеп жатышат. Сизден ӨКМден кошумча күч, техника бөлүп беришиңизди көптөн-көп суранабыз.

Азыр жамгыр да жаап жатат. Каар жаап жиберсе издөө иштери кыйындайт. Биздин кайгыбызды көз жаздымда калтырбайт деп ишенебиз”, - деп айтылат туугандарынын президентке кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, 16-октярда Жумгал районунун Өрнөк айылынын 45 жаштагы тургуну 10 жаштагы баласы менен Жансар жайлоосуна кой кайтарууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий