• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 104 адам тартылды

Аймак 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен таң эрте издөө иштерин улантуу үчүн министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаевдин жетекчилигинде жалпы 104 адам издөө иштерине 9 дрон менен чыгышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 куткаруучу, 6 дрон тартылган.

Белгиленгендей, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан, Нарын облустук башкармалыгынан жана ага караштуу райондордун куткаруучулары жеринде издөө иштерин алып барышат. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин 20 милиция кызматкери 3 дрон менен, ал эми жергиликтүү тургундардан 26 адам издөөгө чыгышты.

Тартылгандар баары 20 топко бөлүнүп, жеринде иш алып барышат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий