• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чоң- Алайдагы кооптуулук жараткан дарыяга дамба орнотулуп, көпүрөлөр кайрадан курулат

Аймак 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдраимов Чоң- Алай, Алай райондоруна иш сапар менен барып, райондордун сел алуу кооптуулугу жаралган аймактары менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Чак, Жаш-Тилек айылдарын туташтырган көпүрө, ошондой эле бир канча кичи көпүрөлөр кооптуу абал жаратып калган. Сары-Таш-Карамык эл аралык маанидеги автожолунунун 116-117-чакырымындагы бөлүгү да кооптуу абалга келген. Кызыл-Суу дарыясы ашып кетүү коркунучу жаралган.

Өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов жерине барып, тиешелүү кызматтарга маселени чечүү жолун айтып, тапшырма берди.

“Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли акыркы жолу 1982-жылы көтөрүлгөн экен. Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам деңгээли дагы көбөйүп, кооптуу аймактар жаралыптыр. Алгач, 2017-жылы пайдаланууга берилген көпүрөнү көрдүм. Ал сапатсыз курулганы көрүнүп турат. Мен азыр тапшырма бердим, көпүрөнү курган компанияны алып келип, кайрадан сапаттуу көпүрө курдурабыз. Ал эми Сары-Таш-Карамык жолунун 116-117-чакырымына 300 метрлик дамба орнотобуз. Ошондо эл аралык маанидеги жолубуз кооптонууга негиз калбайт. Ошондой эле, Кызыл- Суу дарыясы менен да таанышып, ӨКМ кызматкерлерине сунуш кылдым. Бетондон тосмо орнотсок, селди алдын-алабыз”,- деди Жарасул Абдураимов

Мындан сырткары, облус башчысы “Тилек баатыр" атындагы Карамык чек ара заставасынын өздүк курамы менен таанышты. Жолугушууда чек арачыларга ыраазычылык билдирип, чек арадагы айыл тургундарына түшүндүрүү иштери тынбай жүргүзүлүп тураарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий