• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жумгалда маданият кызматкерлери 1,5 млн сомду кымырып алганы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1,5 млн сомду ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу фактылары аныкталды.

Маданият кызматкерлери көптөн бери өздөрүнө "аванс" түрүндө акча жазып келишкени, бирок ал айлык акыларынан кармалбай келгени аныкталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бухгалтердик текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында келтирилген зыяндын суммасы 1 млн 588 миң сомду түзгөн.

Мындан улам суракка алынган Т.Ы., Ж.Т., А.А., Р.М., А.М., Р.Б. жана Г.А. жогоруда көрсөтүлгөн суммадагы акчаны ыйгарып алганын моюнуна алып, келтирилген зыяндын белгиленген өлчөмүн толугу менен толтурган.

Пикир

Оставить комментарий