• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жыл башынан бери 3772 контрабандалык укук бузуулар жана кылмыштар катталды

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жыл башынан бери Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрү тарабынан жалпы көлөмү 741,8 сомдон ашык зыян аныкталып, бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 3 772 укук бузуулар жана кылмыштар катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, укук бузуулар боюнча ачылган 3 520 иштердин жыйынтыгы менен 26,4 млн сом айып пул өндүрүлгөн. Укук бузуу иштери жана алдын алуу иш-чараларынын алкагындагы өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 206 млн сомду түздү.

“Аныкталган кылмыш иштери боюнча 252 материалдар өткөрүлүп берилген. Алар боюнча мамлекеттик казынага 159,7 млн сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулду. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул сумма 56,4 млн сомго көп”, - деди ал.

Исабеков кошумчалагандай, медициналык жабдууларды мыйзамсыз алып келүүнүн 3 фактысы катталды. Мында 2 млн сомдон ашык зыян аныкталып 494 320 сом өндүрүлгөн. Дары-дармек каражаттарынын 8 фактысы боюнча 73 млн 922 миң сом зыян аныкталып, алар андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий