Бишкек, 11.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Жыл башынан бери дээрлик 58 миң айдоочу унаасын камсыздандырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, өлкө аймагы боюнча 57 миң 786 айдоочу автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алган.
- Бишкек шаары - 21 976;
- Ош – 11 967;
- Чүй облусу – 5223;
- Нарын облусу – 5 046;
- Жалал-Абад облусу – 5852;
- Ысык-Көл облусу - 3 460;
- Талас облусу – 1 317;
- Баткен облусу - 2 945.
Камсыздандыруу полиси боюнча 40 жаранга жалпысынан 3 млн 793 469 сом төлөнүп берилди.
Пикир
Оставить комментарий