Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын январь-сентябрь айлар аралыгында Өзбекстанга 754 млн. кВтс электр энергиясы 2-2,4 цент наркында экспорттолуп, жалпы баасы 16,2 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу калкты жана тармактык экономиканы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Республикалык штабдын отурумунда КРнын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу экспорт саатына 450 млн кВт азайган. Анын себеби былтыр Токтогул суу сактагычында суунун келиши көбүрөөк болгон.
"Электр станциялар" ААК электр энергиясын ички керектөөлөргө жетиштүү көлөмдө иштеп чыгууну камсыздады. Маселен, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында электр энергияны чыгаруу 10,8 млрд кВтс түзүп, 2017-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 0,6%га көбүрөөк болду", - деди Кадырбаев.
Ал белгилегендей, 2018-жылдын 17-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,2 млрд кубометрди түзүп, былтыркы көрсөткүчтөн 256 млн кубга (19,46 млрд куб.м) азыраак топтолду. "Бул 2018-жылы Нарын дарыясындагы суунун агып келиши көп жылдык орточо деңгээлден төмөн болгону менен шартталат. Ошентсе да, суунун көлөмү электр энергиясын күз-кыш мезгилине карата жетиштүү көлөмдө чыгарууга жетет", - деп белгиледи Кадырбаев.
Пикир
Оставить комментарий