• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Жыл башынан бери Кыйноолордун алдын алуу борборуна 200дөн ашуун арыз түштү

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна 200дөн ашуун арыз-даттануу түштү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде аталган борбордун Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси Гүлбарчын Ормонбекова билдирди.

Ормонбекованын айтымында, анын ичинен 128и кыйноо фактысы боюнча болсо, калгандары башка укук бузууларга байланыштуу арыздангандар.

“Бизге быйыл 200дөн ашуун арыз-даттануу келип түштү. Анын ичинен 128и кыйноо фактысы боюнча болсо, калгандары башка укук бузууларга байланыштуу арыздангандар. Бул кыйноолор бир гана изолятордо эле эмес, шектүүлөрдү кармоо учурларында дагы катталат. Кээ бир учурда укук коргоо органдары суракка чакырып урушту, урду деген арыз-даттануулар дагы түшөт”,-деди ал.

Ормонбекова ошондой эле кыйноонун көбү кылмышка шектүү катары кармалган адамдарга күнөөнү моюнга алдыруу максатында болорун белгиледи.

"Кыйноонун көбү кылмышка шектүү катары кармалган адамдарга күнөөнү моюнга алдыруу максатында колдонулат. Бизге келип түшкөн ар бир арыз-даттануу дыкат каралат. Арыздын негизинде изилдөөлөрдү жүргүзүп, чараларды көрөбүз. Ошондой эле келип түшкөн арыздын негизинде Стамбул протоколун түзүп, прокуратура органдарына, же болбосо УКМКнын тергөө органдарына жиберебиз”,-деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий