Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы дээрлик 444 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-майында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталды, деди Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсеп боюнча дээрлик 444 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1%га көп.

Ал белгилегендей, ИДПнын өсүүсү товар өндүрүүнүн – 27,9%га, кызмат көрсөтүү секторунун – 51,8%га, салыктык түшүүлөрдүн – 20,3%га өсүүсү менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий