Жыл башынан бери Талас облусуна 122,2 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Талас облусу боюнча 2024-жылдын 4 айда республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 65,1 млн сом өлчөмүндө каржыланган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 58,1 млн сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5,7 млн сом;
  • электр энергияга болгон 50% компенсациясына – 1,3 млн сом;

Мындан тышкары, Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен- 57,1 млн сом бөлүнүп берилди.

Талас облусуна 4 айда жалпысынан 122,2 млн сом бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий