Жыпариса Рысбекова эмгек министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Жыпариса Рысбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жыпариса Рысбекованы ведомствонун эмгек жамаатына тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий