Жыргалбек Сагынбаев: Бишкекте биолаборатория ачуу коркунучтуу эмес

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бишкекте биолаборатория ачуу коркунучтуу эмес. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "BIOPHARMAX" компаниясынын Кыргызстандагы башкы директору Жыргалбек Сагынбаев фармацефтикалык заводдун курулушун тууралуу айтып жатып билдирди.

"Биотехнология кооптуу эмес, анткени негизги иштер биздин өнөктөштөрдүн аймагында өндүрүлөт. Кыргызстанда дары-дармекти чыгаруу боюнча куюу жана башка иштер жүргузүлөт. Биз эксперименттерди уюштурбайбыз, бардыгы белгиленген стандарттар боюнча технологиялар менен жүргүзүлөт. Мамлекеттик органдар өндүрүштү көзөмөлдөйт", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий