• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 150 млн долларга фармзавод жана биолаборатория курулат

Ден соолук 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын территориясына инсулин жана дары-дармек чыгарган завод курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "BIOPHARMAX" компаниясынын Кыргызстандагы башкы директору Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда КР министрлер кабинети тарабынан жер бөлүнүп берилди.

“Бугүнкү күндө биз курулушту баштоого даярбыз. Долбоор эл аралык стандартка туура келген кампанын курулушу менен башталат. Мындай кампа Кыргызстанда биринчи жолу болмокчу жана заманбап курулуп, иши роботтоштурулат. Кампанын аянты 4 миң чарчы метрден ашык болмокчу”, - деди ал.

Ошондой эле Сагынбаев бир канча биолаборатория жана дары-дармек чыгаруу боюнча негизги завод куруларын белгиледи.

“Инвестициянын жалпы көлөмү 150 млн АКШ долларын, ал эми долбоор ишке ашырылгандан кийин 1 миңден ашык жумуш орду түзүлмөкчү”, - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде “BIOPHARMAX” башкы директору жана тең кожоюну Сарел Хен-Тов компаниянын милдети Кыргызстанга жогорку технологияларды алып келүү экенин айтты.

“Биз өлкөнүн дары-дармекке болгон импорттук көз карандылыгын азайта турган завод курууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, Кыргызстанда өндүрүлүп, чет өлкөгө жөнөтүлө турган дары-дармектерди экспорттоону уюштуруу пландалууда”, - деди ал.

Сарэль Хен-Тов кошумчалагандай, жаңы курула турган завод бардык заманбап технологиялар менен жабыдылып, эл аралык стандарттын талабына жооп берет.

“Өлкөдө фармзаводдун курулушу дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Мындан тышкары, Кыргызстандын тармактык окуу жайлары менен өз ара аракеттенүү менен жогорку технологиялар чөйрөсүндө билимге ээ болгон муунду өстүрө алабыз”, - деди ал.

Ошондой эле компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Игаль Туриский азыркы учурда келечекте Бишкекте курула турган заводдун долбоорун иштеп чыгуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

“Өлкөдө өндурүлгөн дары-дармектердин бардыгы эл аралык стандартка жооп берип, коопсуз сакталышы керек. Компания Кыргызстанда дары-дармек чыгарган башка ишкерлерге дагы колдоо көрсөтөт”, - деди Туриский.

Пикир

Оставить комментарий