• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарга толуп калды

Ден соолук 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарга толуп калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине башкы дарыгер Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, оорукана 400 адамга ылайыкталган. Учурда бейтапканага жаткырылгандардын саны 470ке жетти. Мындан улам аларга коридорлорго жатууга туура келүүдө.

“Кызылча менен 30 адам, респиратордук инфекция менен 52, А гепатити менен 62, ичеги инфекциялары менен 208 адам ооруканага жаткырылды”, - деп билдирди башкы дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий