• 87
  • 90.63
  • 0.79

Зордук-зомбулукка каршы кампания. Бишкекте студенттерге курал-жарак жана дрондор көрсөтүлдү

Коом 0


Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттерине курал-жарактын жана техниканын ар кандай түрлөрүн көрсөттү.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чара жыл сайын өтүүчү “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” эл аралык кампаниясынын алкагында өттү.

"Студентерге Ички иштер министрлигинде кызмат өтөгөн куралдын бардык түрлөрү, анын ичинде өлүмгө алып келбеген түрлөрү, мисалы, учкучсуз учуучу аппараттар көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания өткөрүлүп келет. Кампания 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнүндө аяктайт.

Акциянын максаты – бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттин, жарандык коом уюмдарынын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун, массалык маалымат каражаттарынын жана илимий чөйрөнүн күч-аракеттерин бириктирүү, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу жаатында биргелешкен аракеттерди жана чараларды көрүү.

Пикир

Оставить комментарий