• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ф.Ниязов президенттик шайлоодо КСДП штабын жетектейт

Коом 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов мамлекет башчысынын кеңешчиси кызматынан кетишин АКИpress агенттигине түшүндүрдү.

Анын айтымында, ал президенттик шайлоого даярдыктарды көрүү үчүн партиялык штабга кетет.

Мурдагы кеңешчи 2011-жылдагыдай ага КСДПнын талапкеринин шайлоо алдындагы штабын жетектөө тапшырылгандыгын ырастады.

Съездди өткөрүү качанкыга пландалып жатканы тууралуу суроого Ф.Ниязов: “Биринчиден, көрсөтүү Жогорку Кеңеш шайлоо күнүн белгилөө тууралуу токтом кабыл алгандан кийинки күнү башталат. Бирок, саясий кеңеш келечектеги талапкерди аныктады. Бул учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Биздин партия – бул тирүү организм, анын ичинде ар кандай пикирлер болушу мүмкүн. Башка партиялаштардын ою башкача болушу мүмкүн эле. бул кадыресе көрүнүш. Бирок, саясий кеңештен эки жума өткөн соң, Сооронбай Шариповичтин талапкерлиги дээрлик бардык жергиликтүү партиялык уюмдардан колдоо тапты. Биздин талапкерибиз бирөө жана ал аныкталды. Албетте, биз конференция жана съезддерди өткөрөбүз. Жоопкерчилик жогору, ошондуктан штабда иш көп”

Кененирээк: kg.akipress.org/news:1386971?f=cp

Пикир

Оставить комментарий