• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

"Ак-Кеме" жетекчилиги чет элдик студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп жүргөн

Коом 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. “Ак-Кеме” мейманкана комплексинин жооптуу адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун балансында турган мамлекеттик ишканалардын ишине талдоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасынын жана ага караштуу “Ак-Кеме” мейманкана комплекси филиалынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик мүлктү мамлекетке зыян келтирүү менен натыйжасыз пайдалануу, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени боюнча маалыматтарды алган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” мейманканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү актысына ылайык, мамлекеттик бюджетке 7 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген жетекчиликтин атайылап 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейинки аралыкта чет элдик студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп бергени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө “Ак-Кеменин” мурдагы жетекчиси Т.Б. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” мейманканасынын ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүү дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар адамдардын тобун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий