• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте мектеп лагерлеринин иши аяктады

Коом 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Бишкекте мектеп лагерлеринин иши аяктады, - деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 46 жайкы лагерде 8 жаштан 12 жашка чейинки 4470 окуучу эс алды.

Лагердерде социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары жана өспүрүмдөрү, ошондой эле активисттер жана отличниктер үчүн жайкы эс алуу уюштурулган:

- Ленин районунда 11 мектепте, 8 мектепте тамактануусу менен балдарды камтуу 1220 бала;
- Биринчи Май районунда тамактануусу менен 9 мектепте, балдарды камтуу - 1000;
- Свердлов районунда 17 мектепте, 13 мектепте тамактануусу менен, балдарды камтуу - 1260 бала;
- Октябрь районунда 9 мектепте, 8 мектепте тамактануусу менен, балдарды камтуу 990 бала.

Балдар үчүн концерттик номурлар, интеллектуалдык-көңүл ачуучу оюндар, спорттук мелдештер менен майрамдык программалар даярдалып, мектеп лагеринде өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкан балдарга сертификаттар тапшырылды.

Лагердердин иши жайкы ден соолукту чыңдоо, балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруунун алкагында, жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, реабилитациясын, жашы жете электердин арасында укук бузуулардын жана кароосуз калуунун алдын алуу максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий