• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкекте УКТ мүчөлөрү жаранды барымтага алып, $3 миң талап кылышкан

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адамды барымтага алышып, 3 ми доллар талап кылышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан адам уурдоо фактысы боюнча К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.

Такталгандай, 2023-жылдын 19-февралында Бишкек шаарынын аймагында К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. алдамчылык жол менен жергиликтүү тургундун жолугушуусун уюштуруп, А.Т. аттуу жаранды белгисиз тарапка алып барышып, күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен. Андан кийин аталган А.Т. аттуу жаранды эс-учун жоготкон абалда Бишкек шаарындагы батирлердин бирине 3 күн кармашып, күч колдонуу менен коркутуп, 3 миң доллар талап кылышкан.

Учурда КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

КР УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана ошондой эле жаштардын спорттук бөлүгүн кылмыштуу элементтерге тартылып кетүүсүн алдын алуу иштерин улантууда.

Ошондой эле УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий