• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өзгөндө 15 жаштагы өспүрүм тапанчаны мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Өзгөн районунда милиция кызматкерлери тарабынан 15 жаштагы баладан тапанча алынды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун аймагында ок атуучу куралды колдонуп түшкөн видеотасма социалдык тармактарда тараган. Окуяны иликтөө учурунда Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган райондун Эркин-Тоо айылынын жашоочусу жаш өспүрүм 15 жаштагы И.Н. белгисиз үлгүдөгү тапанчаны алып, сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

Бул жагдай РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 253-беренесинин 1-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан ок атуучу куралды алуу иштерин жүргүзүү жөнүндө токтомунун негизинде жаш өспүрүм Н.И.нин апасы М.С.нын катышуусунда бир даана МР 371 номерлүү тапанча куралы жана 90 даана ок-дарылар алынган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча алынган ок атуучу куралга соттук-балистикалык экспертизага токтом дайындалып, сотко чейинки иштер боюнча тиешелүү тергөө аракеттер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий